• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лейлектик Хатикону эмгек сиңирген бийчи Досмат Садыркулов багып алды

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Баткен облусундагы лейлектик Хатикону эмгек сиңирген балет бийчиси Досмат Садыркулов багып алды. Бул тууралуу Садыркулов фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

“Кыргыз Хатикосу эми менин итим. Ага Баатыр ысымын ыйгардым”, - деп жазат ал.

Садыркулов “Кабар” агенттигине билдиргендей, иттин мүнөзү жана берилгендиги жагып, аны багып алууну чечкен.

“Үй-бүлөм чечимимди колдоду. Батыр менен алгачкы көрүшкөндөн тарта жакшы байланыш түзүп кеттик”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Лейлек районунун Максат айылындагы талкаланган үйдөн ээсин күтүп жаткан ит табылган. Итти таап алган журналисттер ага лейлектик Хатико атын беришкен.

Пикир

Оставить комментарий