• 87
  • 90.41
  • 0.84

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районуна жумушчу сапары менен барып, Сары-Дөбө айылындагы мектептин курулушуна капсула салды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жаңыдан курулушу башталган типтүү мектеп 150 окуучуга ыңгайлашып, эки кабаттуу болуп курулат. Мектептин курулушун жаңы окуу жылына карата бүткөрүп, 1-сентябрга пайдаланууга берүү пландалууда.

Ошондой эле өкүл бул айылдын ички жолдорун, сел суулары агып өтүүчү арыктарды көрүп чыкты. Аталган айылда жаан жаап, сел келген учурда унаа каттамы үзгүлтүккө учурайт, анткени унаа жана жөө адамдар жүрүүчү жолдон сел суулары агат.

Облус башчысынын тапшырмасына ылайык, жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жол тейлөө ишканасы биргеликте сел сууларын нугун буруу үчүн сел тосмолорун куруу боюнча маселенин үстүндө иштешет.

Ошондой эле Алимбаев Сумбула айыл аймагынын эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Жергиликтүү жашоочулар таза суу, жол, турак жай салуу үчүн жерге болгон муктаждык, чек арада жайгашкан Көк-Таш айылына өзгөчө статус берүү сыяктуу көйгөйлөрүн айтышты.

Пикир

Оставить комментарий