• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерден биринчи арыз келип түштү

Саясат 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкерден биринчи арыз келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Эркин Булекбаевден арыз келип түштү.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий