• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун» төрайымы Анна Кутанова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюмдун төрайымы Анна Кутанова 92 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Анна Кутанова 1930-жылы 18-январда туулган.

Кутанова Кыргызстанга эвакуацияланганга чейин мектеп окуучусу болуп блокада болуп турган Ленинградда жашаган, ок атуу жана бомбалоо болуп турган учурда аскер штабга баалуу маалыматарды жеткирген. Эрдиги үчүн «Ленинградды коргоо үчүн» медалы менен сыйланган, көптөгөн юбилейлик медалдардын ээси.

2012-жылы анын демилгеси менен Бишкектеги Д. Асанов атындагы сейил бакта Ленинград блокадасына арналган эстелик ачылган.

Маалымдама: «Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому» коомдук уюму 1994-жылы түзүлгөн. Төрайымы А.А.Кутанова баштаган уюм жыл сайын 18-январда жана 27-январда Бишкек шаарында Ленинград шаарынын фашисттик блокададан бошотулганына байланыштуу салтанаттуу иш-чараларды уюштуруп келет.

Пикир

Оставить комментарий