Бишкек, 04.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Чехиялык Liglass Trading компаниясы россиялык “РусГидро” компаниясына 37 млн доллар төлөшү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.
Анын айтымында, чех компаниясынын 18-сентябрга чейин убактысы бар.
Белгилей кетсек, Liglass Trading Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана дагы 10 чакан гидроэлектр станцияларын курууга тендерде утуп алган.
Келишимге Бишкекте 10-июлда кол коюлган.
Пикир
Оставить комментарий