• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Лицензияны кайтарып алууга чейинки катуу чаралар көрүлөт. Мамкурулуш агенттиги куруучуларга эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги куруучулар жана куруучу компаниялар кайрылып, коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин эске салды.

Бишкектеги курулуш объектилеринде коопсуздук техникасынын, курулуштагы эмгек коопсуздугунун эрежелерин сактоодо Курулуш өндүрүшүн уюштуруу боюнча ченемдик укуктук талаптарга ылайык куруучулар жана куруучу компаниялар:

  • коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого;
  • айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды сактоого;
  • курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда технологиялык ырааттуулукту сактоого;
  • иш берүүчү сырткы жасалгалоо иштерин аткарууда курулуш объектисин атайын коргоочу тосмо менен тосууга;
  • жумуш ордунда кириш нускоодон жана алгачкы инструктаждан өтпөгөн адамдарды курулуш аянтчасына киргизбөөгө милдеттүү экендиги эскертилди.

Аныкталган эреже бузууларды жоюу жөнүндө тиешелүү билдирүүлөр тапшырылып, алар куруучулар тарабынан четтетилүүдө.

Мамлекеттик курулуш агенттиги жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук талаптар куруучу тарабынан мындан ары аткарылбаса, бузуучуларга курулуш иштерине лицензияларды кайтарып алууга чейинки катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий