• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ливанда пейджерлердин жарылуусунан 8 адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Ливанда пейджерлердин жарылуусунан 8 адам көз жумду.

Еuronews маалымдагандай, пейджерлердин жарылуусунан кеминде 8 адам каза таап, 2700дөн ашык киши жабыркады.

Саламаттык сактоо министри билдиргендей, алардын 200дөйүнүн абалы оор деп бааланууда. Көпчүлүгү курсагы, бети, көзүнөн жаракат алган.

Жабыркагандардын арасында медицина кызматкерлери, ошондой эле Ливандагы Ирандын элчиси да бар экендиги айтылууда.

Жүздөгөн каражаттар аралыктан башкарылып, анан жардырылган деп божомолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий