• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Өлкө аймагында 8нен 12-июнга чейин күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. 8-10-июндарда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-июнь күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

13-14-июнь күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондорундо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

8-10-июнда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы;

8-10-июнда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-10-июнда Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы;

8-10-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий