• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Өлкө боюнча 528,8 чакырым чарба аралык каналдар оӊдолуп, тазаланды

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Өлкө боюнча 31-июлга карата 528,8 чакырым чарба аралык каналдар оӊдолуп, механикалык тазалоо иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички чарбалык сугат каналдарынын жалпы узундугу 20 миң 848 чакырымды түзөт. Анын ичинен план боюнча оӊдоло турганы – 7049 чакырым, аткарылганы 8091,9 чакырым.

Республика боюнча жалпы узундугу 34 чакырымга жеткен 10 магистралдык каналда курулуш иштери аткарылууда:
- Баткен облусу боюнча 2 объектиде;
- Жалал-Абад облусу боюнча 1;
- Ош облусунда – 4;
- Нарын облусунда – 3 объектидет.

Мындан сырткары, 528 гидротехникалык курулмалардын, 198 суу өлчөөчү посттордун, 115 насостук станциялардын, 213 насостук агрегаттын оңдоо, 20 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 10 суу топтоочу курулмалардын, 59,6 чакырымдык коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, суу каналдарынын өз убагында тазалынышы быйыл селден айыл чарба талааларынын, калктуу конуштардын зыян тартышын кескин түрдө азайтты. Апрель-июль айларында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел-кыяндын кесепетинен сугат мезгилине даярдалган 101 мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроолорго учурады.

Мындай оорчулукка карабастан, бузулган каналдар өз убагында оңдолуп, талаа иштерине сугат суу берүү үзгүлтүккө учурабай берилүүдө. Буга байланыштуу жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн селден тоскон каналдарды кеңейтүү жагы да эске алынууда. Ошондой эле жалпы көлөмү 11,3 млн куб метр болгон 4 суу сактагычта курулуш иштери жүрүп жатат, 10 суу сактагычты куруу боюнча долбоорлоо иштери аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий