Өлкө боюнча 9 лабораторияда вирусологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 9 лабораторияда вирусологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бардык лабораторияда вирусологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. "Өлкөдөгү 9 вирусологиялык лабораториянын үчөөсү мобилдик болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө биз кээ бир жеке лабораториялар менен байланыш түзүүдөбүз. Каалаган жарандар коронавирусту аныктай турган анализдерди тапшыра алгандай кылышыбыз керек. Мунун үстүнөн иштеп жатабыз", - дейт ал.

Үсөнбаев маалымдагандай, коронавирусту жуктуруп алгандардын арасында 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар. "Ошондой эле 2 жаштан 15 жашка чейин 36 адам, 16 жаштан 19 жашка чейин 12 адам, 20 жаштан 35 жашка чейин 105 адам, 35 жаштан 55 жашка чейин 157 адам, 56 жаштан жогору 106 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган", - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий