Өлкөдө 6 айда жол кырсыгынан 30 бала көз жумду

Коом 0

Бишкек, 7-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. 2017-жылдын 6 ай аралыгында республика боюнча балдардын катышуусунда 569 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин алдындагы шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгынан 30 бала каза болуп, 637си ар кандай жаракаттарды алышкан.

“Эгерде 2016-жыл менен салыштыра турган болсок, жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын жалпы саны 21,55% кыскарган. Тагыраагы өткөн жылы 724, бул жылы 569 катталган. Ошондой эле, жол кырсыгынан каза болгон балдардын саны дагы 55,8% кыскарган. 2016-жылы жол кырсыгынан көз жумган жаш балдардын саны 68ге жеткен”,-деп билдирди Саркулов.

Пикир

Оставить комментарий