Бишкек, 05.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 412 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 344 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 68 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 700 миң 24 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 479 миң 40 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий