Өлкөдө дарыгерлер жетишпейт, ооруканалар 85% гана камсыздалган - Сурабалдиева

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда дарыгерлер жетишпейт, ооруканалар 85 пайызга гана камсыздалган. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциядагы Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу өкмөттүн маалыматын угууда. Сурабалдиева Кыргызстанда дарыгерлердин жалпы саны 13 миң 709ду түзөрүн айтты.

"Алардын ичинен 22 пайызы пенсия курагында. Ошондой эле жалпы 33 миң 518 орто медперсонал бар, анын 14 пайызы пенсия курагында жана 12 миң 508 кенже медперсонал бар. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 166, Ош облусунда 154, Чүйдө 204, Бишкекте 169 дарыгер жетишпейт. Айрыкча Талас, Токмок, Ысык-Ата жана Кемин фтизиатр, анестезиолог-реаниматолог адистерине муктаж", - дейт ал.

Вице-премьер медкызматкерлерди кайра окутуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалап кетти.

Белгилей кетсек, вице-премьер Эльвира Сурабалдиева социалдык блокко жооп берет.

Пикир

Оставить комментарий