• 87
  • 90.63
  • 0.79

Өлкөдө даун синдрому, аутизм оорусуна чалдыккан балдардын саны өсүүдө – Жанузакова

Ден соолук 0

Бишкек, 04.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өлкөдө даун синдрому, аутизм оорусуна чалдыккан балдардын саны жылдан жылга көбөйгөнү аныкталууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова "Парламент" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 217 миң майыптуулугу бар жаран жашайт, алардын ичинен 37 миңден ашууну 18 жашка чейинки балдар.

“Балдар арасында оорулардын өсүшүнүн себептери көп, бирок майыптуулук менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги же Саламаттык сактоо министрлиги гана иштебеши керек, бул жалпы коомдун маселеси. Мекемелер арасында жана жергиликтүү бийлик ортосунда бирдиктүү иштер жүргүзүлүшү зарыл. Учурда тиешелүү мыйзамдын негизинде айрым министрликте каралбаган социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн жылына сынак жарыяланат. Мисалы, 2024-жылы ага 60 млн сом каралган. Алардын арты менен майыптуулугу бар жарандарды коомго аралаштыруу, алардын ата-энесин окутуу, кандайдыр бир көндүмдөргө үйрөтүү боюнча коомдук-коммерциялык эмес уюмдар сынактардан өтүп, иш алып барышат. Министрликтин мониторинг борбору аркылуу уюмдардын иштерине атайын анализ жүргүзүлүп, канчалык деңгээлде коюлган максаттарына жетип жаткандыгы аныкталат”, - деди Кыял Жанузакова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда майыптуулугу бар балдар үчүн атайын социалдык жөлөк пул учурда 8 миң сомду түзөт. Ал эми майыптуулугу бар, өзүн-өзү алып жүрө албаган балдарга камкордук кылуу үчүн өзүнүн жакын адамдарынан жеке ассистент каралып, ага 7 миң 681 сом маяна төлөнөт.

Эске салсак, өлкөдө 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнү белгиленди. Бул күндү жарыялоонун максаты – адам укуктарын толук жана бирдей урматтоо менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомго аралашуусуна камкордук көрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий