• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда – вице-премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, пандемия башталганда өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди мүмкүн болгон көлөмдө жана мөөнөтүндө сатып алууга мүмкүнчүлүк берди.

“Мындай абалды дүйнө жүзүндө эч ким күткөн эмес. Бай делген мамлекеттер көп көлөмдө медициналык каражаттарды сатып алуусун алдын алуу үчүн эл аралык уюмдар өздөрү сатып алууларды көзөмөлдөгөн. Учурда оорунун жаңы учурлары катталууда. Хопкинс университетинен белгилешкендей, экинчи толкун Европанын бир катар мамлекеттеринде байкалууда”, - деди ал.

Исмаилова белгилегендей, учурда өлкөдө дары-дармектер менен камсыздоодо көйгөйлөр жок.

Пикир

Оставить комментарий