Бишкек, 16.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Учурда өлкөдөгү 290 оорукана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу арзан дары-дармектер менен камсыздалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы тарабынан өлкөдөгү ооруканалардын бардыгына дары-дармектерди "Кыргызфармация" ишканасы аркылуу заводдордон түз алуу тапшырмасы коюлган.
“Жалпы 90 фармкомпания жана завод менен келишим түзүлүп, мурдагы 200дөн 600 эсеге чейин тендер аркылуу кымбат алынган дарылардын бардыгын арзан ала баштадык. Быйыл “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынан 100дү ачуу пландалса, учурда 95 дарыкана ачылды, алдыда дагы 5 дарыкана ачылуу алдында турат. 2025-жылы да муктаждык болгон жерге “Эл Аман” дарыканасын ача беребиз”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Ошондой эле саламаттык сактоо министри белгилегендей, мурда өкмөт бөлүп берген каражатка жылына медицинада керектелүүчү 40 же 50 эндопротез алынып, калгандары жылдап кезек күтүшчү. Быйыл арзандатуулардын натыйжасында муктаждардын баарына бекер коюлду. Жүрөккө коюлуучу стенттер шашылыш жана пландалган бейтаптарга коюлуп жатат.
Пикир
Оставить комментарий