Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Тилекке каршы, биз балдарга карата зомбулук сыяктуу көйгөйлөрдү каттап жатабыз. Буга байланыштуу балдар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, мониторинг көрсөткөндөй, учурда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын 63%ы видеокөзөмөл менен жабдылган.
«Жергиликтүү бийликтин жардамы менен бул көрсөткүч 2025-жылы 100%га чейин жеткирилиши керек. Биз өз кезегинде билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине жана ата-энелерге инструкцияларды жана усулдук жардамдарды берүүгө даярбыз», - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий