• 87
  • 90.43
  • 0.88

Өлкөдөгү жолдордо инерттик материалдарды чачуу, тазалоо жумуштары жүрүүдө - Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кар күрткүлөрүнөн тазалоо, тынымсыз инерттик материалдарды себүү, жол жээгин кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Сары-Булак-Арчалы-Оруктам автожолунун Аккыя участкасынын 10-15- чакырымында булактан чыккан суу жолдорду каптап кеткендиктен, тоңуп калган муздар тазаланып, инерттик материалдар себилип, тегиздөө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жолдун 21-31-чакырымы автогрейдер менен тегизделүүдө.

Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 290-291-293-чакырым аралыгында суу өтүүчү түтүкчөлөрдөгү муздар кол күчү менен чагылып, жол жээгин тазалоо иштери жүрүп жатат. Кант-АБЗ унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу максатында эски куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыюу, жол жээктери таштандылардан тазаланууда.

Мындан тышкары, Он-Арча - Жаңы-Талап - Ашырма унаа жолу автогрейдер менен тегизделип жатат. Ушундай эле жумуштар Арал-Миң-Куш жолунун 24-чакырымына чейин жана Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунун Үч-Арал-Кызыл-Ой тилкесинин 135-150-чакырымдар аралыгында шагыл жолду калыбына келтирүү үчүн кум-шагыл аралашмасын төшөө, тегиздөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий