Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Өлкөдө кулпунай өстүрүү менен чоң киреше алган дыйкан аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Фермер Нурбек Отогонов 1 гектар жерге кулпунай тигип, 37 тонна түшүм алган.
Ал эми, багбан Нурсултан Уланбек уулу интенсивдүү ыкма менен алма өстүрүп, 1 гектарга тигилген 2 миң түп алма багынан 25-30 тонна түшүм жыйнаган.
"Эгер ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келсе, министрлик сиз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк сунуштайт.
29-январда саат 10:00дө К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта ийгилик жараткан адистер жана фермерлер өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен бөлүшөт.
Аталган иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн министрликтин бөлүм башчысына кайрылсаңыз болот. Байланыш номери: 0770850015 Турат Идрисов", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий