Бишкек, 30.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева-Кабар/. Өлкөдө жаңы жылдык майрам күндөрү бир катар мамлекеттик органдар күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул туурасында бүгүн "Ынтымак Ордо" президенттик администрациясында өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча бир катар милдеттерди койду.
Анда Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Энергетика, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана шаар мэрлерине атайын тапшырмалар берилди.
"Коомдук иш-чараларда жана майрамдык салтанаттарда коопсуздукту максималдуу камсыздоо зарыл. Тез жардам кызматтарын, медициналык топторду, саламаттыкты сактоо мекемелерин, авариялык куткаруу жана өрт өчүрүү кызматтарын, ошондой эле укук коргоо органдарын күчөтүлгөн иштөө режимине өткөрүлсүн. Энергетика объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин жана жарандардын электр энергиясына болгон керектөөлөрүн толук канааттандырууну камсыз кылынсын. Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн ишеним телефондорунун үзгүлтүксүз иштешин жана майрам күндөрү жарандардын ыңгайлуу жүрүшү үчүн коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштеши камсыз кылынсын. Мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлеринин кызматтык графиги бекитилсин", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Пикир
Оставить комментарий