• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өлкөдөн чыгууга чектөө жок экендигин кантип текшерсе болот?

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Сот департаменти жаңы жылдык майрамдардын алдында өлкөдөн чыгууга чет жакка чыгууга же өлкөгө кирүүгө чектөө жок экендигин текшерип алууну эскертет.

Маалыматта айтылгандай, эгерде адам карызын сот аткаруучулар аркылуу төлөбөсө, ага карата чектөө чаралары, анын ичинде өлкөдөн чыгууга тыюу салуу жана башка чектөөлөр колдонулушу мүмкүн.

Кыргызстандан чыгууга тыюу салуу ар кандай себептерден улам, анын ичинде туум, алимент, насыя же салык боюнча карыздар боюнча киргизилиши мүмкүн. Чектөөлөр унаа ээси унутуп калган же билбеген жол эрежесин бузгандыгы үчүн майда айыптарга да тиешелүү болушу мүмкүн. Мындан тышкары, банктарга, жеке уюмдарга карызы же соттун чечими боюнча милдеттенмелери боюнча тыюу салынышы мүмкүн.

Саякатка тыюу салуу дароо киргизилбейт. Биринчиден, карызы бар адамга карызды өз ыктыяры менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Билдирүүнү алган күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде төлөп коюу мүмкүн. Эгерде карыз өз убагында төлөнбөсө, сот аткаруучу чет жака чыгууга убактылуу чектөө жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Бул чаралар менчигинин түрүнө карабастан жеке адамдарга да, компания жетекчилерине да тиешелүү.

Карыздын бар же жоктугун кантип текшерсе болот?

Чек арадан көйгөйсүз чыгып кетүү үчүн, Сот департаментинин сайтында “Карыздын абалын текшерүү” бөлүмү аркылуу карыздарды текшерсе болот. Бул кызмат аткаруу өндүрүшүнүн абалы жана анын сот аткаруучулар кызматында жайгашкан жери жөнүндө маалымат берет.

Кызмат ошондой эле Tunduk порталы менен интеграцияланган, анда жеке кабинеттеги карыздар тууралуу маалыматты, ошондой эле Мбанк сыяктуу башка мобилдик тиркемелер аркылуу биле аласыз.

Убактылуу чектөөлөрдү шашылыш алып салуу боюнча кырдаалдар келип чыккан учурларда, 0312-25-01-54 телефон номери аркылуу күнү-түнү кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий