• 87
  • 90.43
  • 0.88

Өлкөдөн уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып чыгуу аракети көрүлгөн – Бажы кызматы

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Өлкөдөн уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып чыгуу аракети көрүлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, "Манас" бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктады.

Белгиленгендей, Бишкек - Казань багытындагы каттамдын жүргүнчүсү Ч. у. Н. текшерүү учурунда андан Apple соода маркасынын iPhone 16 жана iPhone 16 ProMax үлгүсүндөгү 14 телефон табылган. Телефондор полиэтилен баштыктарына оролуп, товар коштоочу документтери жок болгон.

Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо жөнүндө” токтомуна ылайык бардык уюлдук түзүлүштөр IMEI коду боюнча катталууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий