• 87
  • 90.59
  • 0.86

Өлкөдө топурактын нымдуулугун сактоо технологиясын сыноодон өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти жана Ирандын "Кум Гостар" эл аралык соода компаниясынын ортосунда бир жылдык мөөнөттөгү меморандумга кол коюлду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, меморандумдун негизиги максаты республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн суперабсорбенттер (ным сактоочу препараттар) менен жеткиликтүү баада жана өз убагында камсыз кылууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тараптардын ортосунда узак мөөнөттүү, натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Бул кызматташтыкта департамент тарабынан республиканын аймактарындагы сорт сыноо тилкелеринде суперабсорбенттерге (ным сактоочу препараттар) расмий сыноолорду жүргүзүү жана оң натыйжалар болгон учурда республиканын фермерлерине жана дыйкандарына өсүмдүк өстүрүүдө аларды колдонууну сунуштоо милдети колго алынат.

Ал эми компания тарабынан сорт сыноо тилкелерине суперабсорбенттик үлгүлөрдү жеткирип берүү жана аларды колдонуу боюнча республиканын бардык аймактарында окуу семинарларын уюштуруп, окууларды өткөрүү жана окууларды өткөрүү үчүн адистеринин келишин камсыз кылуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий