• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өлкөдө транспорттук көзөмөл жүргүзүүдөн 97,6 млн сом чегерилди

Экономика 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Өлкөдө транспорттук көзөмөл жүргүзүүдөн 97,6 млн сом чегерилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 10 айдын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 577 миң 500 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 790 протокол түзүлдү.

Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана ашыкча жүк жүктөгөн айдоочуларды аныктоо сыяктуу жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүдөн бюджетке бардыгы 97 млн 605 миң 756 сом чегерилди.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, ушундай эле текшерүүлөрдүн натыйжасында 2023-жылдын 10 айында 49 млн 602 миң сом чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий