Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын ташып келүүчүлөр менен бирге пестициддерди өлкөгө алып кирүү, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына болгон ички суроо-талапты камсыздоо жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аларды колдонуу эрежелерин жөнгө салуу маселелерин талкуулады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, талкуунун жүрүшүндө өзгөчө кооптуу пестициддерди колдонууга чектөө киргизүү жана аларды акырындык менен тыюу салуу маселеси көтөрүлдү. Бул багытта пестициддерди колдонуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү жана алардын ордуна коопсуз альтернативаларды табуу боюнча иш-чаралар пландалууда.
Ошондой эле мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын ортосундагы кызматташууну жакшыртуу, тобокелдиктерди минималдаштыруу, пестициддерди алып кирүү жана колдонуу процессин көзөмөлдөө боюнча пландар талкууланды.
Департамент өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жеткирүүчүлөр менен координацияны өркүндөтүүнү улантып, Кыргызстандын айыл чарба секторун керектүү каражаттар менен камсыз кылуу аркылуу агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууну көздөөдө.
Пикир
Оставить комментарий