Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Күн мурун Билим берүү жана илим министрлигинде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашып жаткан "Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар" долбоорун талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жыйында белгилүү болгондой, долбоордун алкагында Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинде, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде илимий-изилдөө борборлору түзүлөт.
Илимий-изилдөө борборлорунун максаты – жогорку кесиптик билим берүүдөгү илимий-изилдөө иштеринин жана программаларынын сапатын жогорулатуу, ошондой эле алардын эмгек рыногуна ылайык келишин камсыз кылуу.
Иш-чарада министрдин орун басары Расул Абазбек уулу долбоор көп адамдардын эмгеги менен ишке ашып жатканын белгилеп, эми биргеликте "башкысы – жыйынтык" деген ураан менен жигердүү иш алып баруу керектигин айтты.
Пикир
Оставить комментарий