Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 23-декабрда эртең мененки саат 8:00гө карата бардык багыттар боюнча каттамдар бар.
Белгиленгендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий