Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү мекемелер тарабынан жолдорго инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Пикир
Оставить комментарий