Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка, Арал постторунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Пикир
Оставить комментарий