Өлкөнүн түштүгүнө кеткен дарыгерлердин кайтып келүүсүндө эмнеге кыйынчылыктар жаралууда? - Акматованын жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад, Ош облусуна барган дарыгерлердин кайтып келүүсү өлкөдөгү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалга байланыштуу оор болуп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү киргизилген режимдерге байланыштуу ал облустардан келүү кыйынчылыктарды туудурууда. “Анткени, автоунаалардын облустар арасында жүрүүсү чектелүү болууда. Мен ушул убакка чейин Ош облусунда иштеп келдим. Ал жерден гуманитардык жардам алып барган унаалар менен келип жатышат, ошондой эле жергиликтүү бийлик унаа боюнча өз жардамдарын көрсөтүүдө”, - деп кошумчалады Айнура Акматова.

Ал баса белгилегендей, ал жактан жүргөн медицина кызматкерлеринин өз жанынан сарптаган каражаттары Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан төлөнүп берилет.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, башка облустарда иштеп келген медицина кызматкерлери менен биргеликте кандай иштеп келгендигин, ал жерде кандай маселелер бар экендигин, дарылоо ыкмалары боюнча кандай иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу талкуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий