Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагында жазгы себүү иштери дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.
Анын айтымында, өрөөндө жазгы себүү иштери 80%га бүтүп калды, ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун тоолуу аймактарында себүү иштери жаңыдан башталууда.
“Өлкөнүн түндүгүндө аба ырайына байланыштуу себүү иштери 50%га аткарылды, бирок аба ырайы турукташса иштер апрелдин экинчи декадасында уланат”, - деди ал.
Министрдин орун басары мартта республиканын аймагында жаан-чачын нормадан ашык жааганын, бул болсо дыйкан-фермерге оң таасир этерин кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий