• 87
  • 90.63
  • 0.79

Өлкөнүн түштүк аймактарында жолдорду асфальттоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Өлкөнүн түштүк аймактарында жолдорду асфальттоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, Ош облусундагы Өзгөн - Кеңеш - Айгыр-Жал унаа жолун асфальтталууда. Жумуштар №5 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Капиталдык салымдар беренесинин эсебинен аталган жолдун 3 чакырымын асфальттоо каралып, учурда 1,5 чакырым аралыгы жасалды.

Ошондой эле Кара-Кулжа - Сары-Камыш жолунда асфальт басуу аягына чыгып калды. Бүгүнкү күндө 3,8 чакырым жолдун №26 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 3,4 чакырымында иштер бүткөрүлдү.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусундагы Кербен шаарынын Баетов көчөсүндө жана Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Жерине №12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.

Министрликтен кошумчалашкандай, жолду асфальттоо жумуштары Баткен облусунда да жүрүп, иштер № 2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий