• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өлкөнүн тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. 6-апрелден 8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда,

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
  • Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында;
  • Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Айдоочулардын эсине:

Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар. Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

Пикир

Оставить комментарий