• 87.7
  • 95.05
  • 0.99

Өлкөнү санариптештирүү алысты көздөгөн саясий багыт

Аналитика 0

Дүйнөлүк тажрыйбада ар-бир мамлекет жыл жаңырган сайын өзүнүн өнүгүүсүндөгү приоритеттүү багыттарга басым жасап, ал жылга ар кандай аталыштарды берип келет. Былтыркы жыл бизде “Аймактарды өнүктүрүү” жылы катары өтүп, мамлекеттин социалдык-экономикалык саясаты, адамдык, бюджеттик ресурсу ушул багытка бурулду. Ошол эле учурда Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы жылды да “Аймактарды өнүктүрүү жана –өлкөнү санариптештирүү” жылы деп жарыялады.

Былтыркы «Аймактарды өнүктүрүү» жылында эмнелер жасалды?

Президент Сооронбай Жээнбековдун мындай саясий кадамы, коомчулук тарабынан мамлекеттеги башталган ишти аягына чыгаруу аркылуу анын туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий ө нүгүшүнүн келечек багытын аныктаган саясат катары кабыл алынууда.

“Аймактарды өнүктүрүү” бир эле жылда бүтө калчу маселе эмес. Башкысы былтыркы жылы аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айылдык ишкерлерди колдоого көп аракет жумшалды. Ошол эле айылдык ишкерлерди колдоо максатында, алар ишке киргизген жаңы ишканалар көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулуп, бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди.

Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү. Ошол эле учурда аймактарда өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын ЕАЭБдин рыногуна чыгаруу оңой олтоң көйгөй эмес. Тиешелүү талаптары бар. Стандарттан өтпөгөн, сертификациясы жок айыл чарба продукцияларын коңшу өлкөлөргө чыгарууга да мүмкүн болбой калды. Былтыркы “Аймактарды өнүктүрүү” жылында дал ушул маселени жеңилдетүү максатында жер-жерлерде продукцияларды сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаңы лабораториялар курулуп, элетте жашаган элибиздин демине-дем кошту десек да болот. Эми алар атайын стандартка туура келген, сертификациясы бар өндүргөн продукцияларын ЕАЭБдин алкагына кең-кесири алып чыга алышат.

Мындан тышкары айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканаларга салык жактан кыйла жеңилдиктер берилгенин, айыл чарба тармагын каржылоо иштери жакшырганын кошумчалай кетсек болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда (үстүбүздөгү жылдын 9-январында) “Аймактарды өнүктүрүү” жылындагы бул жана башка чаралар 2018-жылы 2500дөн ашуун адамды жаңы жумуш орундары менен камсыздоого мүмкүнчүлүк бергенин белгилеп өттү. Ошону менен былтыркы “Аймактарды өнүктүрүү” жылын жыйынтыктай келгенде, 200дөн ашуун айыл-чарба продукциясын сактоо, таңгактоо жана кайра иштетүү, текстиль-тигүү, курулуш материалдарын чыгаруу тармактарында жаӊы ишканалар ишке киргизилиптир.

Демек, “Аймактарды өнүктүрүүдөгү” мындай алгылыктуу кадамдар быйыл да, кийинки жылдары да уланып, аймактарды өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары кала берээри белгилүү болду. Бул туура кадам. Анткени, калкыбыздын 65-70 пайызы жашаган аймактар, элет жерлери өнүкпөсө, Кыргызстан ар тараптан комплекстүү өнүгө албайт.

Санариптештирүүнү чукул арада ишке ашыруубуз керек

Дүйнө ыкчам өнүгүүдө. Учурда электрондук (интернет) байланыш, башкача айтканда санариптик технология бүтүндөй адамзат коомун жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ кылууда. Ансыз бу заманда мамлекеттен жөнөкөй жарандарга чейин кыймылдай албай калдык десек да болот. Андыктан санариптик технологияны мамлекеттик башкаруу институттарына канчалык эрте киргизсек, өлкөнүн өнүгүүсү ошончолук натыйжалуу болоору көрүнүп калды. Бул багытта Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен “”Кыргызстанды 2019-2023-жылдарга карата санарипке өткөрүү концепциясы” иштелип чыкканы коомчулукка белгилүү.

“Азыркы учурда Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат. Биз санариптик өнүгүүнүн төртүнчү баскычына чыгышыбыз керек... Биз бул аралыкты кыска мөөнөттө өтүшүбүз керек. Бизде жайбаракат жүрүүгө убакты жок”, - деп билдирген Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин “Кыргыз Республикасында санариптик өнүктүрүү боюнча чаралары” аталышындагы жыйынында.

Ушул эле жыйында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бардык аймактарында эл аралык стандарттарга жооп берген инфраструктураны түзүү, башкача айтканда толук санариптештирүү талабын койду.

Аймактарга интернет жетпесе, ишибиз жылбайт

Көрүнүп тургандай быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында мамлекетте туташ санариптештирүүгө негизги басым жасалат. Тагыраак айтканда быйылкы жылы «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өтөт. Ошол эле учурда өлкө аймактарынын санариптик мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда интернет байланышы жакшы деп айта албайбыз.

Президент дал ушул талылуу маселени жөнгө салууну, жер-жерлердеги мамлекеттик башкаруу органдарынын күндөлүк практикасына санариптик технологияны чукул киргизүүнү айтууда.

«Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», - деп белгиледи Президент.

Муну менен санарип технологиялар мамлекеттин бардык тармактарына (билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдары) артыкчылыктуу тартипте киргизилмей болду. Ага жараша үстүбүздөгү “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында дээрлик ар бир айылга интернет байланышын жеткирүү милдети турат.

Ансыз аймактардагы мамлекеттик органдар санариптик технология аркылуу калкка сапаттуу тейлөө көрсөтүп жаткан шаарларга салыштырмалуу (Бишкек, Ош, облус борборлору) өз иштерин оптималдаштыра алышпайт. Мындай практика өлкөбүздө өз жемишин берип жатканын да көпчүлүк көрүп турат. Мисалга алсак, “Бирдиктүү терезе” санариптик системасы мамлекеттик органдардын калкка кызмат көрсөтүүсүн жеңилдетип (паспорт ж.б.документтерди алуу, унааны каттатуу жана чыгаруу), элдин да, ошол эле мамлекеттин да колун узартып койду.

“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылындагы башка максат, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү элетке жеткирүү болуп саналат. Анан дагы Кыргызстанда коррупция деген көйгөй бар. Андан арылуунун жолу да мына ушул өлкөнү туташ санариптештирүүдөн көрүнүүдө.

«Санариптик инфраструктура жеке адамдын жана ишкерлердин мамлекеттик же жергиликтүү чиновник менен түз контактта болуусун кескин азайтат. Бул коррупцияны жоюунун негизги куралы. Маалыматтык коомду куруу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү үчүн өлкөнү санариптештирүү өтө зарыл. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн 2019-жылды „Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы“ деп жарыялоону чечтим”,- деди Президент.

Амантур Салымбеков,

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий