• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өлкөнү өзгөрткөн үч жыл. Эгемендүүлүк күнүндө маани бере турган учурлар

Аналитика 0

"Көз карандысыздык жөнүндө декларация" кабыл алынгандан бери артта калган 33 жыл Кыргызстан үчүн көптөгөн тарыхый бурулуштарды жана окуяларды камтыган мезгил болуп калды. Биз мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөр ортосундагы бардык соода байланыштар үзүлгөн 90-жылдардагы экономикалык кыйроону баштан өткөрдүк. Заводдор биринин артынан бири жабылып, фабрикалар токтоп, колхоздор тарап кетти. Гиперинфляция жарандардын аманаттарын жок кылып, тамак-аштын жалпы тартыштыгы жана кымбаттыгы жүз миңдеген үй-бүлөлөргө кыйынчылык туудурду. Макарон, май, кумшекер карточкалар менен сатылып, алтургай нан үчүн узун кезекке турган учурду жаңы муун билбей деле калды. Ал учурду улуулар да унутуп, бул окуялар бизде эмес, башка жашоодо өткөндөй сезиле берет. Ошондуктан ал убак жашоонун чыныгы мектеби катары сабак болуп, эгемендүү мамлекеттин түптөлүшүнүн алгачкы этабы ушундай татаал сыноолордон өттү.

1999-2000-жылдары Кыргызстан эки жолу Афганистан тараптан басып кирген эл аралык террористтердин тобу менен бет келди. Ошондо биринчи жолу армияга болгон мамилени кайра карап чыгуу керектиги айтылды. Буга чейин биз биринчи жетекчилердин туура эмес көз карашынан улам тынчтыкты сүйгөн мамлекет катары ансыз деле бул жагдайдан чыгып кете алабыз деген ойдо болгонбуз. Алар биздин чек аранын чегинде жаралып жаткан коркунучтарды көргөн да, байкашкан да эмес. Кандайдыр бир деңгээлде ал окуялар биринчи "түстүү революциянын" башталышы болуп калды.

Ошондон бери Кыргызстан бийликти алмаштыруунун технологиялары сыналган лабораторияга айланды десек болчудай. Ошол жылдардагы жетекчилер, албетте, экономиканы жакшыртууга аракет кылышкан, бирок алар негизинен өзүн-өзү жарнамалоо жана популизм менен алпурушуп, бийлик институттарын жана өлкө эгемендүүлүгүн чыңдоого эч кандай көңүл бурушкан эмес. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү долбоорлор баштапкы этапта, көбүнчө сырттагы кийлигишүүлөрдөн улам үзгүлтүккө учураган, же жок болуп кеткен. Ошондо биз Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жоготтук, “Камбар-Ата-1” долбоору ондогон жылдар бою токтоп турду, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунда эч кандай жылыш болгон жок. Республика инвесторлор инвестиция салууга даяр болгон көптөгөн завод-фабрикалардан ажырады. Бир гана Кумтөр иштеп, өлкөнүн ичиндеги тар элиталык катмардын кызыкчылыгына кызмат кылып, Кыргызстандан алтын ташып чыккан сырткы “кайрымдууларды” гана байытып турду. Коррупция гүлдөп, мамлекет тебелендиде калды. Жыйынтыгында 30 жылдын ичинде Кыргызстан баш-аягы беш президентти алмаштырды. Аларды сындабайбыз, ар бир жаран өзү алардын кылган иштерин талдап, тарыхта кандай из калтырышты деген суроого жооп издеп көрсүн.

Эми акыркы үч жылдын ичинде өлкөбүз кандай өзгөрүүгө учураганына көз чаптыралы. Жаңы өкмөттүн биринчи жана маанилүү кадамы эң жакын жана тарыхый өнөктөштөр менен мамилени бир нукка келтирүү, алар менен тең укуктуу жана ишенимдүү диалог курууга жасалды. Бул бизге ЕАЭБ жана ШКУ сыяктуу бирикмелердин алкагында мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана пайда алууга мүмкүндүк берди. Жаңы деңгээлдеги жана форматтагы экономикалык мамилелер бир калыпка гана салынбастан, алар тынымсыз чыңдалып, мамлекетке, элге көзгө көрүнөрлүк пайда алып келүүдө. Кыргызстан үчүн жаңы рыноктор ачылып, инвесторлор завод-фабрикаларды ишке киргизип, транспорт инфраструктурасы өнүгүп жатат. Республика кайра жанданган Жибек Жолунун маанилүү тутумуна айланып баратат, бул өз кезегинде өнүгүү үчүн кошумча түрткү берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Албетте, оор күндөр да өттү. Эки жыл мурда Тажикстан менен чектешкен мамлекеттик чек арада каргашалуу окуялар орун алды. Андагы куралдуу кагылышуу саясий жана дипломатиялык жол менен токтотулду. Чыр-чатактын курчушуна бөгөт коюлду, бирок кээ бир жагдайлар жана чет элден каржыланган бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чыр-чатакты курчутуу үчүн аракеттерди жасашты. Ошол өтө оор окуялар Кыргызстан үчүн да, Тажикстан үчүн да сабак болду. Бишкек менен Душанбе чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүгө өтүп, бүгүнкү күндө өлкө башчылары толук кандуу келишимге кол коюуга аз калды.

Сырттан болгон ачык кийлигишүүлөргө карабастан, Ташкент менен чек ара маселеси сый-урмат жана өз ара түшүнүшүү принцибинде Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин кызыкчылыгында чечилген. Буга чейин Казакстан менен чек ара маселелери жөнгө салынган. Жалпысынан Бишкек бардык жакынкы коңшулар менен чек ара боюнча суроолорду жапты жана эми узак мөөнөттүү, прагматикалык, ишенимдүү өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүдө. Бул мамлекетте да, аймактарда да туруктуулукту сактоонун маанилүү фактору. Учурдагы эл аралык оңой эмес кырдаалда Борбор Азияда тынчтыкты сактоо жана мындан ары биргелешип өнүктүрүү бул негизги маселе болуп саналат.

Учурда Кыргызстан өз армиясын бекемдеп, курал-жарактар менен камсыздап, укук коргоо органдарын кайрадан жабдуу менен чалгындоо кызматтарын күчтөндүрдү. Мамлекет жакынкы ишенимдүү өнөктөштөрдөн заманбап куралдардын кеңири түрлөрүн алды. Өлкөдө олуттуу, кылдат иш жүргүзүлүп жатат. Албетте, бул контекстте тышкы кийлигишүү ыктымалдыгы жана биздин аймакта бир нече жолу сыналган туруксуздаштыруу технологиялары олуттуу роль ойнойт. Эксперттер белгилегендей, тынчтыкты кааласаң, бардыгына даяр болуу зарыл. Анын үстүнө терроризм жана экстремизм коркунучтары жаралган азыркы коомдо баары татаалдашып бара жатат. Коопсуздук – бул ар тармактуу, көп максаттуу өнүгүүнүн маанилүү компоненти болуп саналат.

Ошол эле туруктуу коркунучтарга уюшкан кылмыштуу топторду жана алар менен аралашкан коррупционерлерди кошсок болот. Кайсы бир убактарда алар кол кармаша жүрүшүп, бандиттер чиновниктерден кем эмес бийликке ээ болушкан. Ал учурда кримтөбөлдөр да саясатка киришкен. Азыр Кыргызстан анын бардыгынан тазаланууда. Ондогон жылдардан бери мафия терең тамыр жайган экен, учурда аларды жок кылуу уланууда. Уюшкан кылмыштуулуктун башы кесилип, көптөгөн паракорлор камалды. Казынага кол салгандарды камакка алуу иши дагы деле уланууда, демек коррупцияга каршы күрөш бүтө элек.

Мунун баары биригип келип Кыргызстандын экономикасынын өсүүсүнө өбөлгө түзмөкчү. Бул президент Садыр Жапаровдун жана анын командасынын ишинин айкын жыйынтыгы. Муну жөнөкөй жана түшүнүктүү сандар көрсөтүп турат. Алсак, 2020-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 247,7 млард сомду түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 577,2 млрд сомго жеткен, ал эми быйыл 660 млрд сомго жеткирүү планы коюлган. Үч жылдын ичинде эле өлкөнүн ИДПсы 2,5 эседен ашык өстү. Ишенимдүү экономикалык өсүш өлкө жетекчилигине социалдык чөйрөгө кеткен чыгымдарды, айлык акыларды жана пенсияларды көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Мунун бардыгы жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууга жардам берет. Негизги экономикалык көрсөткүчтөр оң натыйжаларга жетип, азык-түлүк коопсуздугу толук камсыздалып, ошол эле маалда акыркы жылдары инфляция бир кыйла төмөндөдү.

Жакынкы айларда өлкөдө аймактык мааниге ээ ири инфраструктуралык долбоор - Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ишке ашканы турат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышы жакындап калды. Өлкө пайдалуу жана сейрек кездешүүчү металл кендерин өз алдынча иштетүүгө даярданууда. Бул өз кезегинде биздин мамлекеттин экономикасына миллиарддаган долларлардын келишине жол ачып, миңдеген жумуш орундарын түзөт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда инвесторлордун жана ички ресурстардын эсебинен 100 жаңы ишкана ишке берилет, алардын айрымдары өз продукцияларын чыгарууда.

Салыштыруу үчүн 15 же 5 жыл артка кылчайып көрүңүз. Андагы майрамдарда саясатчылардын узун жана кур сөздөрү айтылып келген. Эми биз Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө эмнеге сыймыктанарыбызды көрүп турабыз. Болгону айланабызды кароо менен маанилүү өзгөрүүлөрдү көрүү жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий