Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. АКШнын Лос-Анжелес округундагы «Хьюз» токой өртүнөн улам 31 миңге жакын адам эвакуациялоо боюнча милдеттүү түрдө эскертмелерди алышты. Бул тууралуу CBS News телеканалы маалымдаганын РИА Новости жазды.
"Лос-Анжелес округунун шерифи Роберт Луна округдун 31 миң жашоочусу милдеттүү эвакуациялоо тууралуу жана дагы 23 миң киши эвакуацияланышы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилгенин айтты", — деп айтылат маалыматта.
Калифорниянын токой чарбасы жана өрттү коргоо департаменти өрт 9,200 акрга (37 чарчы километрге) жеткенин билдирди.
Департамент буга чейин Хьюз өртү округдун 20 чарчы километрден ашык аянтын күйгүзүп кеткенин билдирген.
Эске салсак, Лос-Анжелес округунда 7-январда башталган токой өрттөрү штаттын тарыхындагы эң ири өрт болуп эсептелет. Бийликтин маалыматы боюнча, өрттүн жалпы аянты 16 миң гектардан ашты. Кеминде 25 киши набыт болду. Метеорологдор кургак жана шамалдуу аба ырайы өрттүн тез жайылышына себеп болгонун белгилешет.
Пикир
Оставить комментарий