• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Лос-Анжелесте Кыргыз киносунун күнү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.11.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Американын Лос-Анжелес штатында бүгүн, 19-ноябрда Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын колдоосу менен уюштурулган X Азия дүйнөлүк кинофестивалынын алкагында Кыргыз киносунун күнү өтөт.

Иш-чара белгилүү Голливуд Калвер театрында өтүп, көрүүчүлөргө эки көрүнүктүү кыргыз тасмасы тартууланат. Алар: “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” жана Кыргызстандан “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмалары.

“Кыргыз киносунун күнү Кыргызстандын туристтик потенциалын жана маданий мурасын көрсөтүү үчүн маанилүү окуя болот. Кошумчалай кетсек, бул улуттук киноиндустриянын өнүгүүсүн, анын жетишкендиктерин жана дүйнөлүк аренадагы келечегин талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Бул иш чара эл аралык коомчулуктун кыргыз киносуна болгон кызыгуусу артып жатканын айгинелейт”, - деп айтылат маалыматта.

“Качкын” тасмасы Asian Vision фестивалынын негизги программасына кирип, “Мыкты тасма” номинациясында сыйлыкка ат салышууда.
Тасма Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты 8 тасманын ичинен тандалып алынган, бул кыргыз кинорежиссерлорунун чеберчилигинин жогорку деңгээлин тастыктайт.

Белгилей кетсек, AWFF Asian World Film Festival жыл сайын Лос-Анжелес шаарында өтүп, ага 50дөн ашык өлкөнүн кино тармагынын өкүлдөрү катышат. 2024-жылы фестиваль 13-ноябрда башталып, 21-ноябрда аяктайт. AWFF Азия чөлкөмүндөгү эң мыкты тасмаларды көрсөтүп, аны эл аралык аренада улуттук кинематографияны жайылтуу үчүн негизги аянтчага айландырат.

Пикир

Оставить комментарий