• 87
  • 89.77
  • 0.79

Лос-Анжелесте токойдогу өрттөн улам 30 миңдей адам эвакуацияланды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Лос-Анжелесте токойдогу өрттөн улам 30 миңдей адам эвакуацияланды.

Reuters агенттиги маалымдагандай, өрттөн кийин өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды.

Тилсиз жоо 7-январда Лос-Анжелестин Пасифик-Палисейдс районунда башталган. Өрттөнгөн жердин аянты 1182 гектарга жетип, ондогон турак жайлар күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө учактар тартылды.

Өрт кырсыгынын айынан 30 миңдей адам эвакуацияланды. Мындан улам жолдордо тыгындар жаралгандыктан жашоочулар унааларын таштап, жөө кетүүгө аргасыз болду. 96 миң адам электр жарыгысыз калды. Эвакуациянын аймагына АКШнын вице-президентинин резиденциясы да киргени айтылды.

Лос-Анжелестин өрт кызматы тилсиз жоодо эч ким жабыркабаганын кабарлады. Расмий маалыматтар боюнча, өрт 25 миңден ашуун адамга жана 10 миң турак жайга коркунуч туудурууда. Лос-Анжелестеги өрткө байланыштуу АКШ президенти Жо Байден Калифорнияга болгон сапарын токтотту.

Пикир

Оставить комментарий