Технологиянын доору аталган заманда жашообуз канчалык жеңилдегени менен бирге, келечегибиз болгон биздин жаштарга жашоодогу жеңил шарттар кандай таасир тийгизип жатат? Жеңил акча табууну мисалга алсак. Тагыраак айтканда, шаардагы жарнамалары бакыйып чоң тамгалар менен жазылып, күйүп-жанып, көздүн жобосун алган «кумар оюн», башкача айтканда, мыйзамдаштырылган “лотерея”, “оюн автоматтары”. Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салынган, андан бери 5 жыл өттү. Казино оюндарынан жабыркаган адамдар, ата-энелер балдарына күчү жетпей калганда, мамлекет кызматкерлерине кайрылышканда, эки жактуу пикирлүү талкуулар узакка созулган. Коомчулук кумар оюндарынан казинолордон кутулдук деп эсептейт. Бирок шаардын борбордук көчөлөрүндө айкын белгилери илинген кызыктыруучу мекемелер тымызын иштеп, бул көйгөйдүн дагы эле актуалдуу экенин айгинелейт. Ошол эле учурда бул өңүттө аткаминерлердин үндөбөгөнү кейиштүү.
2012-жылдын 1-январынан бери Кыргыз Республикасында оюн-зоок иш-чараларга тыюу салынган. Бирок, иш жүзүндө бул бизнес жашыруун иштөөсүн улантууда. Жагдай казинолор жана оюн залдарына гана мыйзам тыюу салгандыгы менен татаалдашууда. Букмекерлерге, электрондук лотереяларга да элдер кызыгып, ойноп уттуруп жатышат. Баары бир эле системе көрүнөт. Мыйзамдаштырылган “лоторея” оюну кандай ойнотуларын билүү үчүн, биз бул тармактын катардагы бир мекемесинде иштеген Азамат Жакыпов аттуу кызматкери менен маектештик (адамдын аты-жөнү, анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлгөн).
- Бул тармакта иштегениңизге канча убакыт болду?
- Быйыл сентябрь айында 3 жыл болот.
- Демек, бул жумушуңузга байланыштуу түрдүү жагдайларды көрүп келесиз. Оюндун шарттарын айта кетсеңиз, силерге ойнойм деп келгендер канча акча коюшат?
- Оюндун шарттары бир оюнчу 1000 сомдон кем эмес коюшу керек, баардыгы урнада 37 шар сандары менен болот, ар бир шарга 10 сомдон коюга болот, эгерде сен койгон шар чыкса, анда калган 36 шар 10 го көбөйтүлөт. Ошондо сенин утушуң 360 сом чыгат. Аз койсоң - аз утасың. Ошол себептен бизде аз дегенде 500 сом коюшат. Эгерде сен койгон шар чыкса, анда 500 сомдон утуш 18 миң сомду түзөт.Ушул нерсе кызыктырат, ошондон улам ойной беришет.
- Утуштун өлчөмү жөнүндө эмне айтууга болот?
- Жакында, бир адам 200 миң сом өлчөмүндө утушка ээ болду, бирок ошол эле убакытта 100 миң долларга утулгандар бар. Арийне, алар бул сумманы бир күндө ойноп, утулуп коюшпайт. Утулган соң өжөрлөнүп уттурган акчасын кайтаруу үчүн аракет кылып, бирок андан да көп жоготот.
- Силерге жашы жетелек балдар баш багып турушат дешет?
- Мүмкүн эмес, эгерде бизге жаш балдар келе турган болсо, анда паспортун текшерип, андан гана соң киргизебиз. Мүмкүн башка жерлерде киргизеттир, бирок баардык лотерея ишканалары күнөөлүү боло бербейт да.
- Мындай лотерея мекемелердин ээлери кызматтагы адамдар же депутат деп айтышат. Силердин кумар мекеменин ээси ким?
- Түрк. Ал бир кызматтагы адам же азыркы, мурдагы депутат эмес. Мен башка мекемелердин ээлери тууралуу эч нерсе айта албайм.
- Кумар оюндарын ким ойнойт, көбүнчө баш баккандардын жаштарын айта кетсеңиз ?
- Негизинен клубка көбүнчө орто акча тапкандар келишет, башкача айтканда орто катмар. Чынында бай адамдар өтө аз, эмнегедир такси айдоочулар көп келишет, биздин мекемеге баш баккандардын курагы 20 жаштан 40, 50 жаштагылар. Жаш кыздар, аялдар дагы жок эмес.
Ушул кумар оюнуна баш оту менен берилип ойноп, бирок азыркы учурда өзүн тарбиялап жаткан оюнчу Адилет Райымбеков менен маектештик (адамдын аты-жөнү, анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлгөн).
“Автоматты көргөндө муундарыма чейин титиреп кетчү”
- Кумар оюндарын сиз кантип ойноп калдыңыз?
- Казино оюндарын ойногонго чейин эл катары тирилик кылып, адал ак эмгегим менен иштеп жүргөм. Казино оюну жөнүндө угуп, маалыматым бар эле, бирок бир басып барып, казиного баш багып көргөн эмес болчумун. Бир күнү дос балам акча сурап келди, 15 миң сом, макул деп бердим. Ошол эле күнү кечки саатта кайра 35 миң кылып: –“Досум, рахмат сага”, –деп алган акчасын эки эсе кылып кайтарып кетти. Мындай нерсе бир нече жолу кайталанды. Менде кызыгуу пайда болду, бул да болсо кумар оюнунун азгыры болсо керек. Сурадым, кандай жол менен мынча акча таап аткандыгын. Ал болгонун болгондой эле айтып берди. Бир күнү бардым, уттум, жеңил жашоонун даамын таткан адам өзүн кыйнагысы келбейт тура. Акыл жана кара күч эмгегинен качып калат экен. “Адам ойго тойбойт - бөрү койго тойбойт”, - демекчи, жеңил түшүп жаткан акчага толгон-токой пландарды түзүп салдым. Уткан акчаларымды оңго-солго чачып баштадым. Ушундай жашоо менен өтүп кетем деп ойлодум окшойт, жеңил келген акча жукпайт тура, утулуп, башым карызга батты. Тууган урук менен мамилем дагы бузула баштады.
- Оюнчулардын ал жерге улам-улам кайрылып баруусуна эмне себеп?
- Кадимки наркоман сыяктуу “ломка” болосуң, бир кичине акча колуңа түшсө оюңа биринчи ошол жер келет. Өтүп баратып көргөндө муундарыма чейин титиреп кетчү, отуруп ойносом кадимкидей рахат алчумун. Өзүмдүн абалымды, көз каранды болуп калганымды түшүндүм, эрким күчтүүсүнөнбү, өзүмдү тарбиялай баштадым. Ата-энем, үй-бүлөм, бир туугандарыма залакамды тийгизбеш үчүн азыр да болсо аракет кылып келем.
- Өзүн кумар оюндарына көз карандымын деп эсептебейт
- Мындай мекемелерде дайыма лотерея ойноп жүргөн адамдар бар. Аларда бул кумар оюнуна кандайдыр бир психологиялык көз карандылык пайда болоорун психолог адистери айтышат, алар көбүнчө баңгизаттык, ичимдикке көз каранды адамдар менен окшош белгилери (симптомы) бар дешет. Баңгизат, алкоголь буларга көз каранды болгон адамдай эле, кумар оюндарына да көз карандылык арта баштайт дейт психологтор. Бирок лоторея ойногон адам өзүн оорулумун деп эсептебейт. Мындай адамдар жардам сурап кайрылбайт, оюнчулар өзүнүн абалын көйгөй катары эсептебейт, тескерисинче чоң көйгөй туугандарында пайда болоорун белгилешет.
“Жаштар биздин келечегибиз” ,- деп баарыбыз бир ооздон айтабыз. Бирок ошол жаштардын ачык, жарык келечеги үчүн биздин өлкө “Казино”, “Лоторея”, “Букмекер” сыяктуу кумар оюндары ойнотулчу жайларды - “Эң көп салык ошол жактан түшөт”, - деп башкача атап, Кыргызстандын өспүрүм жаш улан-кыздарынын тагдырын, келечегин ошол салыктан түшкөн акчага сатпасак турмуш жолу башкараак болор эле.
P.S. Кумар оюнуна азгырылган белчеден карызга баткан, тагдыры таш күлгө айланган, ар бир үй-бүлө кичинекей мамлекет деп эсептелет. Ошол кичинекей мамлекеттен курулган үй-бүлөнүн түптөлүшүнө жаштардын келечеги үчүн мыйзамдуу түрдө кумар оюн бизнеси жабуу ишке ашса элдин кее бир катмарларынын жашоосуна оң таасир кылмак.
Алтынай Асаналиева
Пикир
Оставить комментарий