• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Лукашенко президенттик шайлоого катышат

Дүйнө 0

Бишкек, 04.03.19 /Кабар/. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко кийинки шайлоодо өзүнүн талапкерлигин коюну пландап жатат.

"Мен өзүмдүн талапкерлигимди коём, а силер мен үчүн добуш бербей койсоңор болот", - деди Лукашенко пресс-конференцияда.

Беларусияда президенттик шайлоо 2020-жылдан калбай өтүш керек. Бирок Лукашенко шайлоо 2019-жылы өтүп калышы мүмкүн экенин билдирген.

Эске салсак, Лукашенко 1994-жылы Беларусиянын президенти болуп шайланып, ошондон бери өлкөнү башкарып келет.

Пикир

Оставить комментарий