• 87
  • 90.41
  • 0.84

«Лукойл» Өзбекстандагы долбоорлорго дагы $3 миллиард инвестиция салат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. «Лукойл» Өзбекстандын аймагына инвестиция салуу боюнча жаңы сунуштарды киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу орусиялык компаниянын башчысы Вагит Алекперов Интерфакс агенттигине билдирди.

«Ушул жылдын аягына карата биздин Өзбекстандын аймагындагы инвестициябыз $6 млрд. түзөт. Буга мен Гиссар ($1,5 млрд) долбоорун жана ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалып жаткан Кандымды өнүктүрүүнү дагы кошуп жатам. Кандым жана Гиссардагы объектилерди толук өнүктүрүү үчүн $3 млрд өлчөмүндө кошумча инвестиция салууну пландап жатабыз», – деп билдирди Алекперов Интерфакска.

Алекперов Өзбекстанда өндүрүлгөн газдын бардыгы ички базарга багытталарын белгиледи. Ал ошондой эле «Лукойлдун» учурдагы долбоорлор боюнча инвестициялык иштери аяктагандан кийин жаңы демилгелерди даярдоо тууралуу Өзбекстан президентинин тапшырмасы бар экенин кошумчалады.

«Болжол менен 2021-2022-жылдары бул жактагы инвестициялык долбоорлорду толугу менен аяктайбыз. Андан ары биз Өзбекстандын аймагында өндүрүлгөн газды кайрадан бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгышыбыз керек. Учурда биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз жана белгилүү убакыттан кийин демилгелерибизди сунуштаганга даяр болобуз», – деди Алекперов.

Пикир

Оставить комментарий