• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Мүлк салыктарын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталат – Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда мүлк салыктарын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар башталат.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөн мүлктүн ээлери салыктын негизги суммасын гана эмес, административдик айып пулду, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туумду төлөөгө милдеттүү болушат.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндөгү туум кошулат.

Эми өлкө аймагында транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддерге салыкчылар жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий