• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар санаторийлерге берилген жолдомонун ордуна акчалай жөлөкпул ала алышат

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар санаториялык-курорттук дарылануу үчүн берилген жолдомонун ордуна акчалай жөлөкпул ала алышат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында жолдомонун ордуна акча төлөө төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

- Биринчи топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 100%ы; Биринчи топтогу майыптыгы бар жаранды коштоп жүргөн адамга медициналык көрсөтмөлөргө ылайык бекитилген сумманын 50%ы;
- Экинчи топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 50%ы;
- Үчүнчү топтогу майыптар үчүн: беш жылда бир жолу - бекитилген сумманын 30%ы.

"Төлөнө турган каражаттын өлчөмүн аныктоо ыйгарым укуктуу органдын коллегиясынын чечиминин негизинде Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген жолдомонун орточо баасын эсепке алуу менен жүргүзүлөт жана ыргайым укуктуу орган тарабынан бекитилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий