• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өмүрбек Бабанов фракция лидерлигинен кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.11.17./Кабар/. “Республика – Ата Журт” фракциясынын кезексиз жыйынында Өмүрбек Бабановдун фракция лидерлигинен кетүү тууралуу билдирүүсү окулду. Билдирүүнү фракция лидеринин орун басары, депутат Талант Мамытов окуп берди,-деп маалымдашты аталган фракциядан.

Бабановдун айтуусу боюнча, мыйзам долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу жана саясий-экономикалык саясатты өзгөртүү үчүн "Республика" партиясы менен "Республика - Ата-Журт" фракциясынын иши мындан ары өз нугунда кетиши керек.

Фракциянын жаңы лидери фракциянын кийинки жыйынында дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий