• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өмүрбекова Кой-Ташта атайын операция учурунда жабыркагандардан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында атайын операциясы учурунда жабыркаган жарандардан кабар алышты.

Өкмөттөн кабарлашкандай, ал жабыр тарткан жарандарга квалификациялык медициналык жардам көрсөтүүнү жана зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, жабыркагандарга медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат, алар бардык керектүү дары каражаттары менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий