Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) коллегиялык жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун ишинде көп оңтойлуу жактар, ошондой эле канааттандырарлык эмес учурлар дагы бар.
«ММК фондуна үч иш-чара бекитилген, алардын ичинен бирөө гана – медициналык кызматкерлерди баштапкы жана стационардык деңгээлде финансылык өбөлгөлөө механизмин киргизүү толук түрдө аткарылды. Бул механизмдер учурда ишке киргизилип, эки деңгээлде тең колдонулууда. Жетишилген көрсөткүчтөр үчүн туруктуу негизде өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү каржылоо жүргүзүлөт. Калган эки иш-чара толук көлөмдө аткарылган жок. Саламаттык сактоо уюмдары үчүн «Электрондук медициналык карта» программалык камсыздоону киргизүүдө медициналык мекемелерди кеңири камтуу камсыздалган эмес. 2018-жылы электрондук медициналык карта төрт гана мекемеде киргизилди», - деп билдирди вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, медициналык тейлөөрдүн сапатын экспертизалоолордун көрсөткүчү олуттуу кооптонууну пайда кылат.
Буга катар Мамлекеттик кепилдик программаларынын жана ММК Кошумча программасынын алкагында жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо боюнча каражаттын өздөштүрүлбөгөндүгү чоң көйгөй катары калууда.
«Бардыгыбызга дарыканалардагы жогорку баалар белгилүү жана аталган программалардын бул деңгээлде ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Буга байланыштуу медициналык дармектердин тизимин табууга мүмкүн болгон дарыканалардын дарегин жана сатуучуларды көрсөтүүчү так жана түшүнүктүү ресурсту иштеп чыгууну өтүнөм. Бул жалпыга жеткиликтүү болушу шарт. Эл айрым дармектерди 50% жеңилдик менен алууга болоорун билүүсү тийиш. Бул дагы камсыздандыруунун оңдуу жагын көрсөтөт», - деп эсептейт вице-премьер-министр.
Мындан тышкары, Алтынай Өмүрбекова ММК Фондунун иши жөнүндө калктын начар маалымдалышына байланыштуу 2018-жыл жыйынтыгы боюнча Жеке ишеним көрсөткүчү жана Калктын ишеним көрсөткүчү төмөндөгөнүнө басым жасады. Тактап айтканда, ММК Фондуна Жеке ишеним көрсөткүчү 44,7 ден 37,5ке чейин төмөндөгөн, ал эми Калктын ишеним көрсөткүчү 35,2 ден 28,5ке чейин төмөндөгөн. Бул багытта ишти жакшыртуу зарыл.
Вице-премьер-министр кошумчалагандай, киргизилген «Анкеталаштыруу» программалык камсыздоосун өркүндөтүү керек. Поликлиникаларда бейтаптар үчүн кабыл алуудан кийин дарыгердин иш сапатына дароо электрондук форматта баа берүү мүмкүнчүлүгү болушу керек.
Жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова ММКФ 2019-жылы чече турган милдеттерди белгиледи.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү катары жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында бардык финансылык жана техникалык каражаттарды электрондук саламаттык сактоонун ар кыл элементтерин киргизүү маселесине максималду түрдө топтоштуруу зарыл.
«Албетте, алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү тутумун өнүктүрүү жана чыңдоо жана электрондук кезекти киргизүү боюнча иштер улантылышы керек. Алыскы райондордон стационардык дарылануу үчүн келген тургундар дарыгерге жазылгандыгы тууралуу так билиш керек. Ар-бирибиз ММК Фондунун ишмердүүлүгү өлкө жарандарын сапаттуу медициналык жана профилактикалык кепилденген көмөк көрсөтүү менен камсыздоо экендигин түшүнүүбүз зарыл», - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылкы ишинин кыскача жыйынтыгы.
2018-жылы жеңилдетилген гемодиализдик дарылоо тейлөөсүн көрсөтүүчү жеке медициналык борборлордун саны кеңейтилген. Гемодиализдик дарылоо тейлөөсүн алган бейтпаптардын саны 643 ден 1177ге чейин, дээрлик 2 эсе жогорулаган. Гемодиализдик тейлөөсүн каржылоо 309,2 млн сомду түзгөн.
Ишмердүүлүк индикаторлорун аткаруу жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк врачтарга дем берүүчү төлөмдөр киргизилген, Чүй, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы пилоттук райондордо амбулатордук деңгээлде учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн каржылоо механизми жайылтылган. Мындан тышкары, Жалал-Абад жана Талас облустарында стационардык тейлөөлөрдү стратегиялык сатып алуулардын элементтери киргизилген, клиникалык-чыгаша топторду өркүндөтүү боюнча иштер башталган.
2018-жылы медициналык көмөктүн сапатын жакшыртуу боюнча программаны ишке ашыруу алкагында ММК Фонду саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жыйынтыкка багытталган саламаттык сактоо уюмунун ишин Баалоо картасын пайдалануу менен саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүп жаткан тейлөөнүн сапатын баалоо тутуму киргизилген.
ҮДБ/ҮДТ деңгээлинде 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында медициналык тейлөө сапатын 32168 ирет экспертизалоо болуп өткөн, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,9%га көп. Республика боюнча дефекти бар аныкталган медициналык карталардын орточо деңгээли 22,5%ды түздү. Дефектилердин эң жогорку деңгээли Нарын (35,3%) жана Талас облустарында (29,7%) аныкталган.
Пикир
Оставить комментарий