• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мүрзөдөгү башаламандыктар тартипке келтирилет – маек

Маек 0

Күн мурун президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койду. Анда сөөктү жерге берүү каада-салттарын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн тиешелүү фатваларды чыгаруу муфтиятка жүктөлдү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Равшан Эратов алдыда аткарыла турган жана эки жылдан бери ысырапкорчулукка жол бербөөгө багытталган иштер боюнча “Кабар” агенттигине азын-оолак пикирин билдирди.

– Кечээ президенттин жарлыгы чыкты, муфтиятка бир катар милдеттер жүктөлдү. Бул багытта эми кандай иштер жүрөт?

– Президентибиздин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу боюнча жарлыгы бүгүнкү күндө мүрзөлөрдөгү аша чапкандыкты болтурбоого, мусулмандардын социалдык абалын теңдештирүүгө багытталган. Азыр мүрзөлөрдө адамдар бири-бирине атаандашып, бири мрамордон эстелик жасатып, бири гранит таш коюп, ошондой эле жанаша жайгашкан башка көмүлгөн мусулмандардын мүрзөлөрүнүн тебеленип калган учурлары кездешип келет. Мына ушуларды токтотуу максатында жана мусулмандардын мүрзөсүн шарият эрежелерине ылайыкташтырууну муфтиятка тапшырды. Эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы фатва иштеп чыгат. Бул фатвада маркум каза болгондон баштап анын сөөгүн жууда, кепиндөөдө, узатууга келген элге тамак-аш берүүдө ысырапкерчиликти токтотууга, мүрзөлөрдүн үстүнө кымбат-баалуу таштарды, мраморлорду, граниттерди коюуга, плиталар менен үстүн кооздоо, темир тосмолорду орнотууга тыюу салууну камтыган эрежелер киргизилет.

Ислам дининде мүрзөлөр кандай болушу керек? Белгилүү бир талаптар барбы?

– Пайгамбарыбыздын хадисинде айтылгандай, кабырдын үстүнө гипстенби, бетондонбу же чоподонбу плитаны, бийик курулмаларды орнотууга, ошондой эле жазууга болбойт. Мындан тышкары, кабырдын үстүнө отурууга жана басып турууга тыюу салынган. Себеби, каза болгон адам тирүүсүндө кандай урмат-сыйга татыктуу болсо, өлгөндөн кийин да ошондой сыйга татыктуу. Кабыр курууда шарият буларды эмне үчүн тыюу салган деген суроо жаралышы мүмкүн. Биринчиден, ысырапкерчиликти болтурбоого, анткени кымбат-баалуу таштардын эч кимге пайдасы тийбейт, экинчиден, кабырга зыярат кылып баргандар, ал жерден ички дүйнөсү таасирленип чыгышы керек, мында “бул жалган дүйнөдөн, чындык дүйнөгө көч” деген маанини түшүү маанилүү.

– Бүгүнкү күндө мүрзөлөргө эстеликтерди коюуда эл арасында айырмачылык жаралган эле. Эми абал өзгөрөбү?

– Мүрзөгө эстелик орнотуу атаандаштыкты пайда кылып, эл арасында теңчилик болбой калган. Кээ бир адамдар менменсинип калышса, ал эми колунда жоктор маркумубузга ушул нерсени кура албай калдык деп теңсиздигин сезип жатышат. Ошондуктан мен ойлойм, бул жарлык коомубуздагы сөөк узатуудагы жана жерге коюудагы бардык талаш-тартыштарга бөгөт коет. Буга чейин муфтият өзүнүн деңгээлинде бул маселелер боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келген. Эми бул жарлык жогоруда айтылган көйгөйлөргө чекит коет, учурда тиешелүү ведомстволор өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жапатырмак аткарууга кирише баштады.

– Мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалып, бийиктиги 70 сантиметрден ашпайт деп аныктоо керектиги белгиленди. Бул боюнча кандай иштер жүрөт?

– Азыр бизде ысырапкерчиликке жол бербестен, мүрзөлөргө адамдар келип, жакынынын жаткан жерин таанып-билип туруусу үчүн 70 сантиметрден ашпаган жыгачтан жасалган материалга белги кылуу керектиги тууралуу фатвага киргизүүнү карап жатабыз. Маркумдун мүрзөсү эң жөнөкөй жана жупуну деңгээлде болуусу зарыл. Ал эми тосмолорго токтоло турган болсок, адамдар жол кылып басып кетпеси үчүн, жан-жаныбарлар тебелеп, таптап салбоосу үчүн мүрзөнүн сырткы айланасын тосмо тосууга, ошондой эле айлана-чөйрөсүн тазалап, жашылдандырып, элге ыңгайлуу болуусу үчүн жолдорду салууга шарият жол берет. Мындан кийинки мүрзөлөр ушул мыйзамдын чегинде жана дин башкармалыгы тарабынан чыгарыла турган фатванын негизинде иретке келтирилет.

– “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 2 жыл мурда президенттин жарлыгы чыккан. Бул убакыт аралыгында тажыядагы ысырапкерчиликтер токтодубу, өлүм болгон үйдө мал союуда өзгөрүүлөр барбы?

– Албетте, жыйынтык бар. Биз бул боюнча бир жыл бою жер-жерлерде айыл активдери, айыл аксакалдары, имамдар менен эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Муну туура кабыл алышты. Атайын муфтиятка келип ыраазычылык билдирип кеткен адамдар болду. Өлүк узатууда шаар жеринде билинбейт экен. Айылдарда намыстанып карыз алып, сөөктү жерге жашырчубуз, мына эми социалдык теңдик келип калды деген ой-пикирлер айтылды. Мында бардыгы эле тартипке келип калды дегенден алыспыз. Мисал үчүн айтсак, Ош, Баткен облустарында мурунтан эле ушул нерсеге ыктап келишкен. Бул жактарда көбүрөөк кыскарды десек болот. Ал эми Нарын, Ысык-Көл облустарында маркумга мал союуда ашыкча ысырапкерчилик болчу, бодо малдар, жылкылар ончактылап союлчу. Ушуларды кыскартып, бир жандыкка чейин алып келген аймактар болду. Аларда аксакалдар соту, айылдык кеңештер, депутаттар, эл чогулуп туруп, ички тартиптерди кабыл алышты, биз да буга күбө болдук. Эми кечээ чыккан жарлык мүрзөдөгү башаламандыктарды тартипке келтирет.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий