• 87
  • 90.59
  • 0.86

"Үмүт үйү" стационардык мекемесинде “Алтын күз” майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бишкектеги “Үмүт үйү” улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде “Алтын күз” майрамы белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мекеменин кызматкерлери, жашоочулары, мэриянын социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана коноктор катышты.

Иш-чарада ар кыл конкурстар уюштурулуп, активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле мекеменин жашоочуларынан турган командалар "Алтын күз" темасында көркөм оюн-зоок, викторина тартуулашты.

Маалымат үчүн: "Үмүт үйү" улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде бүгүнкү күндө 206 адам жашайт, мекеменин бардык жашоочуларына социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий