Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Футбол боюнча кыздар арасындагы Кыргызстандын курамасы Үмүт кубогу – 2019 биринчилигинин алкагында Өзбекстандын командасына 0:9 эсебинде утулуп калды.
Оюн 10-сентябрда Каракол шаарында өттү. Биринчиликте Кыргызстан, Тажикстан, Непал жана Өзбекстандын курамалары күч сынашууда.
Буга чейин, Кыргызстандын командасы Тажикстанга 1:2, Непалга 2:8 эсебинде жеңилүүгө учураган.
Эртең, 12-сентябрда Үмүт кубогу – 2019 биринчилигинин финалдык оюну болот.
Пикир
Оставить комментарий