• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Маалымат мейкиндигинин коопсуздугун жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар К.Рыспаев, И.Матраимов, Т.Тиллаев, Ж.Турускулов.

Аталган маселе боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жалпыга маалымат каражаттарынын ишин укуктук жөнгө салуу жаатындагы укуктук мүчүлүштүктөрдү жоюуга чакырылган.

ММК жөнүндө учурдагы мыйзам XX кылымдын 90-жылдарынын башында кабыл алынган жана ар кандай цензураны “сындырууга” чакырылган. Бирок цензурага каршы күрөшкө шылтоо кылып, мыйзамга өлкөнүн маалымат мейкиндигинин коопсуздугун жөнгө салуучу абдан зарыл ченемдер, сөз жана маалыматты таратуу эркиндиги жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдери киргизилген эмес. ММК жөнүндө мыйзамда чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн чектөөлөр белгиленген эмес.

Мыйзам долбоорун кабыл алган учурда ММКны уюштуруучусу катары чыга албаган, өлкө аймагында иштеп жаткан ММКнын уюштуруучусу болуп саналган адамдар бир жылдын ичинде ММКларды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аларды ээликтен ажыратууга милдеттүү.

Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып уюштуруучуларынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу бир жылдын ичинде белгиленген тартипте кайра каттоодон өтпөгөн ММК массалык маалымат каражаттарын каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий